super.kg logo

Түштүк Корея өзөктүк курал жасоого тыюу салган мыйзам даярдоодо

 

Бүгүн, 28-июлда Түштүк Кореянын өкмөтү атомдук суу астындагы кайыктарды курууга байланыштуу атайын мыйзам долбоорун даярдап жатканы маалым болду. Анда өлкөдө өзөктүк куралды иштеп чыгууга тыюу салуу каралган. Бул тууралуу "Рёнхап" агенттиги билдирди.

Документте Түштүк Кореянын өкмөтү өзөктүк куралды "иштеп чыкпашы, өндүрбөшү, ага ээлик кылбашы же колдонбошу керектиги" жазылат. Ошондой эле өзөктүк курал жасоого гана арналган материалдарга байланыштуу ишмердүүлүккө да тыюу салынат.

Бул Түштүк Кореянын ички мыйзамдарында өзөктүк курал жасоого тыюу биринчи жолу киргизилиши болот.

Аналитиктердин баамында, мындай жобо АКШнын Сеул келечекте өзөктүк курал жасоого аракет кылышы мүмкүн деген кооптонуусуна байланыштуу киргизилүүдө.

Jang Bogo N (Чан Бого N) деп аталган долбоор аз байытылган уран менен иштеген атомдук суу астындагы кайыктарды иштеп чыгууну карайт. Биринчи кайыкты 2030-жылдардын экинчи жарымында пайдаланууга берүү пландалууда. Аскердик чөйрөлөрдө 3 кайык курулушу мүмкүн экени айтылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: