super.kg logo

Армения ЕБге кошулуу боюнча референдумду эртерээк өткөрүшү мүмкүн

 

Орусия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Владимир Путин менен Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын телефондук сүйлөшүүсүндө Армениянын Европа Биримдигине (ЕБ) кирүүсү боюнча референдумдун так мөөнөтү айтылбаганын билдирди.

Буга чейин Армения өкмөтүнүн басма сөз кызматы Никол Пашинян Путин менен болгон сүйлөшүүдө өлкө Евробиримдикке расмий арыз бергенден кийин бул маселе боюнча референдум өткөрүлүшү мүмкүн экенин айтканын маалымдаган.

Песковдун айтымында, сүйлөшүүдө референдумду мүмкүн болушунча эртерээк өткөрүүнүн маанилүүлүгү белгиленген, бирок анын так күнү же мөөнөтү талкууланган эмес.

Эске салсак, Владимир Путин менен Никол Пашиняндын телефондук сүйлөшүүсү 28-июлда армян тараптын демилгеси менен өткөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: