super.kg logo

Японияда жер титирөөдөн кийин цунами коркунучу жарыяланды

 

Япониянын түштүк-батышында шейшемби күнү күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.

Япониянын метеорологиялык агенттигинин маалыматына ылайык, жер титирөөдөн кийин Ариаке жана Яцусиро булуңдары үчүн цунами коркунучу тууралуу эскертүү берилди. Жергиликтүү тургундарга коопсуздук чараларын сактап, жээк аймактарынан алыс болуу сунушталды.

Жер титирөөнүн очогу Кумамото префектурасында, болжол менен 10 чакырым тереңдикте жайгашкан.

Kyushu Electric компаниясынын маалыматы боюнча, Кумамото префектурасында болжол менен 45 миң 600 үй электр жарыгысыз калган.

Учурда жер титирөөдөн жабыркагандар жана келтирилген зыян тууралуу так маалыматтар такталууда. Тиешелүү кызматтар кырдаалды көзөмөлгө алып, аймактагы абалды текшерүү иштерин жүргүзүп жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: