super.kg logo

Иран: “Украина кол салган кемеге аскердик жооп берилет”

 

Иран Украина тарабынан Каспий деңизиндеги ирандык соода кемесине жасалган чабуулга сөзсүз түрдө аскердик жооп кайтарарын билдирди.

Бул тууралуу РИА Новостиге Иран парламентинин Улуттук коопсуздук жана тышкы саясат боюнча комиссиясынын мүчөсү Феда-Хосейн Малеки маалымдаган.

Анын айтымында, Иран буга чейин дипломатиялык каналдар аркылуу нааразылыгын билдирип, ультиматум койгон. Ошол эле учурда аскердик жооп берүү маселеси өлкөнүн куралдуу күчтөрүнүн күн тартибине киргизилген.

Буга чейин Ирандын Тышкы иштер министрлиги Украина 25-июлда Каспий деңизиндеги ирандык соода кемесине аскердик чабуул жасаганын билдирген. Маалыматка ылайык, окуядан бир деңизчи каза болуп, дагы бири жаракат алган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: