super.kg logo

Касымалиев Ысык-Көлдө эл аралык иш-чараларды өткөрүү даярдыктарын текшерди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда эл аралык иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүлүп жаткан бир катар инфраструктуралык объекттердин даярдыгынын жүрүшүн текшерди.

Төрага "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунун учурдагы абалы жана жүргүзүлүп жаткан даярдоо иштери менен таанышты. Ысык-Көл районунун Бает айылында минкаб башчысы "UIM F1H2O – Кыргызстандын Гран-приси Ысык-Көл-2026" эл аралык спорттук иш-чарасын өткөрүүгө даярдык көрүүнү текшерди. Ага уюштуруу иштери жана зарыл инфраструктураны даярдоо боюнча маалымат берилди.

Мындан тышкары, Касымалиев Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" маданий борборуна барып, "Гольф Резорт Ысык-Көл" комплексин куруу долбоорунун ишке ашырылышы менен таанышты. Ошондой эле Чолпон-Атадагы Этномаданий өнүктүрүү, ат спорту индустриясы жана асыл тукум мал чарбачылыгы борборунда (ипподром) курулуш иштеринин жүрүшүн текшерди.

Ал ат спорту боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн арена куруу долбоору менен да таанышты.

Жумушчу сапарынын жыйынтыгында Адылбек Касымалиев Кырчын жайлоосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында иш-чараларды өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшүн текшерди. Этношаарчаны куруу, аймакты көрктөндүрүү, аянтчаларды даярдоо жана зарыл инфраструктураны түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу баяндамалар берилди.

Адылбек Касымалиев бардык даярдык иштерин өз убагында жана сапаттуу аяктоону тапшырды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: