Wildberries украиналык чабуулдардан жабыркагандарга 40 миллион рублдан ашык кенемте төлөдү
Орусиянын эң ири онлайн соода аянтчасы Wildberries украиналык чабуулдардан жабыркаган кызматкерлерге жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 40 миллион рублдан ашык кенемте төлөдү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар компаниянын маалымат кызматына таянып билдиришти.
Маалым болгондой, оор жаракат алгандарга жана каза болгондордун жакындарына алгачкы төлөмдөр 21-июлдан тарта жүргүзүлө баштаган. Компания жабыркагандарга психологиялык жардам да көрсөтүлүп жатканын маалымдады. Азыркыга чейин жүздөгөн адамга адистер жардам берип, колл-борбордун кызматкерлери жабыркагандар жана алардын жакындары менен байланышып, кошумча жардамга муктаждыгын тактап жатышат.
Акыркы күндөрү Украина Wildberries компаниясынын Орусиядагы логистикалык борборлоруна ракета жана дрондор менен бир нече жолу сокку урду.
Кремль бул чабуулдар жарандык инфраструктурага каршы жасалганын билдирсе, Украинанын бийлиги логистикалык борборлордо аскердик багыттагы жүктөр сакталганын айтууда.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















