Нетаньяху: "Трамп менен болгон жолугушуу эң мыкты сүйлөшүүлөрдүн бири болду"

Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху АКШнын президенти Дональд Трамп менен Ак үйдө өткөн жолугушууну "эң мыкты сүйлөшүүлөрдүн бири" деп баалады. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Нетаньяхунун айтымында, эки өлкөнүн лидерлери Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербөө маселесинде орток максатты жана өнөктөштүктү дагы бир жолу ырасташты.
"Бул жөн гана жакшы жолугушуу болгон жок. Өз ара колдоого, өнөктөштүккө жана жалпы максатка негизделген эң мыкты сүйлөшүүлөрдүн бири болду", – деген ал.
Израилдин өкмөт башчысы сүйлөшүүдө өлкөлөрдүн коопсуздугу жана Израилдин келечеги үчүн маанилүү болгон аракеттерди координациялоо маселелери талкууланганын кошумчалады.
Жолугушууда Ирандагы кырдаал, ошондой эле Израил менен араб өлкөлөрүнүн мамилесин жөнгө салууга багытталган Авраам келишимдерин кеңейтүү маселеси да көтөрүлгөн.
Ошол эле учурда The Jerusalem Post басылмасы өз булактарына таянып, тараптар азырынча акыркы макулдашууга келе электигин, бирок сүйлөшүүлөрдө олуттуу жылыш болгонун жазды.
Мындан тышкары, Жакынкы Чыгыштагы дипломатиялык булактар Ормуз кысыгына байланыштуу чыңалууну жөнгө салуу аракеттеринде да жылыш бар экенин билдиришкен. Бирок бул багытта да акыркы келишимге жетишиле элек.
кошулду
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















