Франциядагы токой өрттөрү күчөп, 40 миң гектардан ашык аянт күйдү
Франциянын түштүк-батышындагы ири токой өрттөрү күчөп, кырдаал оор бойдон калууда. Өрттү өчүрүүгө 2,5 миңден ашык өрт өчүрүүчү тартылган. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары бидиришти.
Маалыматка ылайык, өрт Жиронда департаментинде катталып, Бордо шаарына жакындап баратат. Айрым жерлерде жалын шаар четине 10 чакырымга чейин жакын жеткен. Кырдаалды ысык аба ырайы жана шамалдын багыты татаалдаштырууда.
Өрттүн кесепетинен 40,5 миң гектардан ашык аймак күйүп, үйлөр жана башка курулуштар жабыркаган. Ошондой эле Атлантика океанынын жээгиндеги 52 кемпинг эвакуацияланып, Лакано аймагынан дагы 4 миңдей адам коопсуз жайларга чыгарылган.
Франциянын президенти Эммануэль Макрон кырдаал жакынкы апталарда да оор бойдон каларын билдирген.
Ошол эле учурда өлкөдө бийликти өрттөргө каршы күрөшүүгө жетиштүү каражат бөлбөгөнү үчүн сынга алгандар көбөйүүдө. Айрым саясатчылар Франциянын Украинага көрсөтүп жаткан аскердик жана каржылык жардамдары тууралуу да сын-пикирлерин билдиришкен.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















