Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстандын президенттери Астанага барышат
Казакстандын Астана шаарында бүгүн, 29-июлда "Келечек оюндары-2026" эл аралык спорттук мелдештеринин расмий ачылыш аземи орун алат. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы Акордого таянып жазды.
Анда маалымдалгандай, иш-чарага Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз президенти Садыр Жапаров, Өзбекстандын лидери Шавхат Мирзиёев, Тажикстандын өлкө башчысы Эмомали Рахмон катышары күтүлүүдө.
Мелдешке 34 өлкөдөн 800дөн ашык спортчу катышат. Спорттук иш-чара 29-июлда башталып, 9-августка чейин созулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:05
2026-07-29
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















