super.kg logo

"Кыргызстан бийикпи?" деген сөзү үчүн сынга кабылган Бота Миа Алиханга аргымак белек кылды (видео)

 

Бүгүн, 29-июлда казакстандык блогер жана ырчы Бота Миа Чүйдүн Сосновка айылына барып, жаш кыргыз чабандес Алиханга аргымак белек кылды.

Эске салсак, 21-июлда Чолпон-Ата шаарында өткөн ат чабышта казакстандык чабандес аттан кулап калганда, анын ордуна кыргызстандык кичинекей чабандес Алихан чыгып, атты чаап берген. Анын чабуусу менен казакстандык күлүк байгеде 3-орунду алган. Мелдеште 3-орунга берилген 250 миң сом сыйлыкты казак бир туугандар Алиханга ыраазычылык билдирип, дароо белек кылышкан.

Бул окуядан кийин Бота Миа кыргыз элинин маданиятын жана медиа-индустриясын Казакстанда дайыма сыймыктануу менен тааныштырып келерин айтып, Алиханга өзүнүн урмат-сыйынын белгиси катары тулпар тартуу кылуу үчүн Кыргызстанга келгенин билдирди.

"Кыргызстандагы жаңы ырлар, кинолор, модадагы жаңылыктарды дайыма казак окурмандарым менен бөлүшүп келем. Кыргыз эли тууралуу ар дайым сыймыктануу менен айтып жүрөм. Бул окуя кыргыз менен казактын достугун жана боордоштугун дагы бир ирет көрсөттү",- деп белгиледи ал өзүнүн Инстаграм баракчасында.

Белгилей кетсек, буга чейин Бота Мианын "Кыргызстан бийикпи?" деген сөзү социалдык тармактарда талкуу жаратып, катуу сынга калган.

Ага карабай, блогер 2 элдин достугу бекем болушу керектигин айтып, бул сапарын боордоштукка болгон урмат катары баалады.






Бота Мия Алиханга аргымак белек кылды (видео)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: