Ош шаарында коомдук тамактануучу жайларга санитардык көзөмөл күчөтүлөт
Ош шаарында кафе, ресторан жана башка коомдук тамактануучу жайларда санитардык талаптардын сакталышы боюнча көзөмөл күчөтүлөт.
Бул маселе Ош мэриясында өткөн калктын саламаттыгын сактоо боюнча координациялык комиссиянын жыйынында талкууланды.
Жыйында айрым тамактануучу жайларда санитардык-гигиеналык жана ветеринардык талаптар толук сакталбай жаткан учурлар бар экени белгиленди.
Жыйынтыгында тиешелүү кызматтарга:
* Санитардык талаптардын аткарылышын үзгүлтүксүз текшерүү;
* Аныкталган мыйзам бузууларды жоюу;
* Ишкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;
* Азык-түлүктөрдүн сапатын жана коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.
Ошондой эле ишкерлерге тамак-аш коопсуздугу боюнча бардык санитардык, ветеринардык жана техникалык нормаларды так сактоо милдети коюлду.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















