Жубайлар болушкан.. Бишкекте улгайган аялга кол көтөргөн жаран табылды
Бишкектеги көчөлөрүнүн биринде улгайган аялга кол көтөрүүгө шектелип анын 40 жаштагы жолдошу кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалымдалгандай, текшерүүдө алардын жубайлар экени такталган. Шектүүгө Укук бузуулар кодексинин 71-беренеси (Убактылуу коргоо ордеринин шарттарын аткарбоо) менен протокол түзүлүп, мыйзам чегинде тиешелүү чаралар көрүлгөн.
Аталган жаран буга чейин үй-бүлөлүк зомбулук көрсөткөндүгү үчүн 3 суткага камакка алынып, ага жана анын жубайына убактылуу коргоо ордери берилгени аныкталган. Ал эми жубайы жолдошуна карата эч кандай доосу жок экендигин билдирип, арыз жазуудан баш тарткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:11
2026-07-30
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















