Бишкекте унаа дөңгөлөктөрүн уурдаган жарандар кармалышты
Бишкекте унаанын дөңгөлөктөрүн уурдаган жарандар кармалышты. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.
Маалым болгондой, 8-июлга караган түнү белгисиз адамдар Hyundai Sonata DN 8 үлгүсүндөгү унаанын 2 дөңгөлөгүн уурдап кетишкен. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) менен кылмыш иши козголгон.
Натыйжада 1998-жылы туулган Н.А. жана 2005-жылы туулган К.М. жана А.Э. аттуу жарандар кармалышты. Соттун чечими менен айыпталуучуларды камакка алуу чарасы тандалып, №1 тергөө абагына киргизилишти.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын дагы ушул сыяктуу 5 уурулукка тиешеси бар экендиги аныкталган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















