Ошто жашы өтүп калган кишини сабаган уландар кармалышты
Ош шаарында 57 жаштагы жаранды сабоого шектелип 18 жана 19 жаштагы жигиттер кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлады.Маалыматка ылайык, кечээ, 4-август күнү таңга маал жаш балдар жашоочуларга тынчтык бербей, чуулашкан. Ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан жаран аларды тынчтыкты сактоого чакырган. Бирок уландар ага кол көтөрүшкөн.
Ошол эле күнү шектүүлөр колго түшүшкөн. Текшерүүдөн соң эки жигит 48 саатка камакка алынган. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Ош шаардык сотунда алардын баш коргоо чарасын каралмакчы.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















