Касымалиев алгачкы батир алган учурун эстеди
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Кабар" агенттигине берген маегинде өлкөдө аны өзгөчө кубандырган окуялардын бирине мисал келтирди.
Анын айтымында, жакында Таласка барып, Мамлекеттик ипотекалык компания курган үйлөрдүн ээлерине ачкычтарды тапшырган. Касымалиев жаңы үйдүн ээлеринин жүзүндөгү кубанычты көрүп, өзү да биринчи жолу батир алган учурун эстеген.
"Алардын жүзүнөн кубанычын көрүп, өзүмдү да эстедим. Мен дагы канча жыл батирлеп жүрүп, биринчи кооперативдик батир алгам. Ошондо кубанганым эсимде",- деди Касымалиев.
Ал 1991-жылы кооперативдик батир алууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, ага чейин 7 жыл батирде жашаганын, кээде бир жылдын ичинде 3–4 жолу батир которгон учурлары болгонун кошумчалаган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















