super.kg logo
  Саясат  

Токтогул ГЭСин курууда келтирилген зыян үчүн компенсацияны көбөйтүү сунушталууда

 

Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын аймагында Токтогул ГЭСин жана суу сактагычты курууда келтирилген зыян үчүн компенсациянын көлөмүн көбөйтүү сунушталууда.

Тийешелүү мыйзам долбоору парламенттин расмий сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Анда жылдык компенсацияны 70 миллион сомдон 358 миллион сомго көбөйтүү сунушталган. Аталган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев жана депутат Болотбек Борбиев демилгелеген.

2016-жылдан тарта бүгүнкү күнгө чейин ар жылдык компенсациянын өлчөмү 70 милион сомду түзөт. Бул өлчөм 10 жыл мурун белгиленген жана азыркы учурда заманбап экономикалык шарттарга, инфляциянын деңгээлине жооп бербейт.

Каржылоонун булагы болуп "Электр станциялары" ААКсы саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: