Венесуэлада жер титирөөдөгү зыяндын эсеби айтылды
Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын алдын ала маалыматы боюнча, 24-июндагы жер титирөөлөрдөн Венесуэлага келтирилген экономикалык зыян 6,7 миллиард долларды түзөт.
Өлкө бийлиги билдиргендей, кырсыктан 5300дөн ашуун адам каза болуп, 18 000ге жакыны жаракат алган. Миңдеген үй-бүлөлөр үйлөрүнө кайта албай жатышат. Жабыркаган аймактарды калыбына келтирүү иштери жүрүүдө.
Жер титирөөнүн алгачкы күндөрүнөн бери БУУнун Өнүктүрүү программасы Венесуэланын мамлекеттик мекемелерине зыянды баалоо, техникалык жардам, урандыларды тазалоо жана эл аралык өнөктөштөрдү мобилизациялоо боюнча жардам берүүдө.
Эске салсак, күчтүү жер титирөөнүн очогу Кариб деңизинин жээгинде, өлкө борбору Каракас шаарынан батышты көздөй 168 чакырым аралыкта, 13 чакырым тереңдикте катталган. Кырсыктан кийин Венесуэлада жети күндүк улуттук аза күтүү жарыяланган.

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:36
2026-08-05
12:49
2026-08-05
10:30
2026-08-05
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















