ЖЫЛНААМА: "Бейишке карай тепкич" сериалында элди шолоктотуп ыйлаткан актёр Квон Саң У 50 жашка чыкты
Бүгүн, 5-агустта "Көз жаштын мырзасы", "Трагедиялардын каарманы" деп таанылган түштүк кореялык актёр, модель Квон Саң У 50 жашка чыкты. Актёр 1976-жылы Түштүк Кореянын Тэжон шаарында төрөлгөн. Ал чыгармачылык жолун 1990-жылдардын аягында модель катары баштап, 2001-жылы актёр катары дебют жасаган.
Актёрдук карьерасында алгач экинчи пландагы ролдорду аткарган. Анын чыныгы ийгилиги 2003-жылы жарык көргөн "Менин курбум – репетитор" тасмасынан кийин келген. Ошол эле жылы экранга чыккан "Бейишке карай тепкич" дорамасы Квон Саң Уну Түштүк Кореяга гана эмес, бүтүндөй Азияга таанытты. Ал эми 2004-жылы тартылган "Бир жолу мектепте" тасмасы анын популярдуулугун дагы да арттырган.

Бирок ийгиликтин артынан эле актёрдун карьерасында оор мезгил башталган. 2010-жылга чейин Квон Саң У роль жараткан бир нече тасма жана сериалдар күтүлгөн ийгиликке жеткен эмес. Бирок көпкө узабай "71: От ичинде" тасмасы жана "Президент айым" сериалы аркылуу кайрадан көрүүчүлөрдүн көңүлүнөн орун алган.
2008-жылы Квон Саң У мурдагы "Корея сулуусу" жана актриса Сон Тэ Ён менен баш кошкон. Түгөйлөр бүгүнкү күндө 1 уул жана 1 кызды тарбиялап келишет.

Атактуулук туруктуу болбой турганын түшүнгөн актёр өз атын колдонуп, бизнес кылууга өтөт. 2009-жылы ал "Natural Tears" косметикалык фирмасын негиздеп, бренддин аталышын күйөрмандары берген "Mr. Tears" (Көз жаштын мырзасы) деген ат менен атаган. Мындай өзгөчө атка ал "Бейишке карай тепкич" сериалынан кийин ээ болгон. Ошондой эле ал кыймылсыз мүлк тармагына инвестиция салып, Сеулда жана чет өлкөдө бир нече кыймылсыз мүлккө ээ.
Бүгүнкү күндө Квон Саң У "Детективдердин ханышасы 2", "Хартмен: Рок жана сүйүү", "Киши өлтүргүч", "Киши өлтүргүч 2", "Хан дарыясынын полициячылары", "Каракчылар: Гоблиндердин желеги" жана башка тасма жана сериалдарда роль жаратып келет.
5-августтун жылнаамасы.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















