Окууга квоталар бөлүнөт... Өзбекстан маданият күндөрүнүн биринчи күнү жыйынтыкталды (сүрөттөр)
Бүгүн, 27-июлда Чолпон-Ата шаарындагы "Рух Ордо" маданий-этнографиялык комплексинде Өзбекстандын маданият күндөрүнүн алгачкы күнүнүн иш-чаралары ийгиликтүү жыйынтыкталды.
Маданий кечеге Өзбекстандан келген 200гө жакын чыгармачыл топ катышып, көрүүчүлөргө бай жана мазмундуу концерттик программа тартуулашты. Иш-чаранын алкагында кыргыз-өзбек элдеринин кылымдарды карыткан достугун, маданий байланышын жана боордоштугун даңазалаган чыгармалар жаңырып, кыргыз тилиндеги ырлар да аткарылды. Сахнага белгилүү өнөр адамдары Камолиддин Уринбаев, Айгүл Надирова жана Зулайхо Бойхонова чыгып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле "Навбахор" жана "Тумор" бий ансамблдеринин артисттери улуттук бийлерди чеберчилик менен аткарып, көрүүчүлөрдүн кызуу кол чабуусуна ээ болушту.
Кеченин өзгөчө көркү болуп Өзбекстандын мамлекеттик симфониялык оркестринин чыгармачылык тобунун аткаруусу саналса, алардын чыгармалары иш-чарага өзгөчө шаң берип, келген коноктордун ысык алкоосуна арзыды.
Кыргызстандын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев иш-чаранын Чолпон-Ата шаарында уюштурулушунун себебин түшүндүрүп, бул шаар быйыл Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинин алкагында маданий борбор катары аныкталганын белгиледи. Ушул себептен улам учурда Чолпон-Атада бир катар эл аралык маданий иш-чаралар өткөрүлүп жатат.
"Чолпон-Ата ШКУнун саммитинин алкагында маданий борбор болуп белгиленген. Ошондуктан көптөгөн маданий иш-чаралар ушул жерде өтүп жатат. Боордош мамлекеттин маланият күндөрүнүн өтүп жатышы өзгөчө мааниге ээ. Мындай иш-чаралар маданий кызматкерлердин өз ара тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөт. Бул элдик дипломатиянын эң жакшы үлгүсү", - деди Мирбек Мамбеталиев.
Министр ошондой эле акыркы жылдары Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык бардык тармактарда чыңдалып жатканын белгиледи.
"Президенттер Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёевдин ортосундагы жылуу мамиле эки өлкөнүн кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарды. Биз дагы Өзбекстандын маданият министри менен тыгыз кызматташып, жакын мамиледе иш алып барып жатабыз", - деп кошумчалады ал.
Өзбекстандын маданият министри Озодбек Назарбеков Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы маданий кызматташтык улам бекемделип жатканын айтты.
"Кыргызстан менен Өзбекстандын мамилеси кечээ же бүгүн түзүлгөн эмес. Бул кылымдарды карыткан, тарыхы терең достук. Бүгүн маданият тармагында биргелешкен иштерибиз арбын. Ош шаарындагы Бабур театры гастролдор менен барып турат, филармониялардын чыгармачылык байланыштары да активдүү өнүгүүдө. Алдыда тарбия, адеп-ахлак темасында биргелешкен тасмаларды тартууну пландап жатабыз. Ошондой эле маданият тармагындагы адистерди окутуу боюнча квоталарды киргизүү маселесин карап жатабыз. Бул биздин маданий байланыштарды дагы да чыңдоого өбөлгө түзөт", - деди Озодбек Назарбеков.
Министр ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алгандыгын эскертип, эки элдин маданий байланышын өнүктүрүүгө мындан ары да салым кошо берерин белгиледи.
Эскерте кетсек, Өзбекстандын маданият күндөрүнүн жабылуу аземи 28-июлда саат 19:00дө Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы “Дордой Номад” аренасында өтөт. Ага Фаррух Закиров баштаган "Ялла" тобу катышып, Өзбекстандын маданият министри өзү чыгармаларын тарттуулайт.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
































