super.kg logo

Ошто жашы өтүп калган кишини сабаган уландар кармалышты

 
Ош шаарында 57 жаштагы жаранды сабоого шектелип 18 жана 19 жаштагы жигиттер кармалышты. Бул тууралуу Ош шаардык милициясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, кечээ, 4-август күнү таңга маал жаш балдар жашоочуларга тынчтык бербей, чуулашкан. Ошол учурда жолдон өтүп бара жаткан жаран аларды тынчтыкты сактоого чакырган. Бирок уландар ага кол көтөрүшкөн.
Ошол эле күнү шектүүлөр колго түшүшкөн. Текшерүүдөн соң эки жигит 48 саатка камакка алынган. Алардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Ош шаардык сотунда алардын баш коргоо чарасын каралмакчы.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: