super.kg logo

Баңгизат менен алектенген топтун мүчөлөрү кармалышты  

 
Баңгизаттарды мыйзамсыз ташуу жана сатуу менен алектенген кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалышты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 33 жаштагы жаран айдап бара жаткан Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны текшерүүдө 28 килограмм 666 грамм болгон марихуана баңгизаты табылган. Ишти андан ары тергөөдө 32, 33 жана 40 жаштагы жарандар колго тушүшкөн.
Шектүүлөрдүн Нарындын Жумгал районундагы үйлөрүнө тинтүүлөр жүргүзүлүп, жалпы салмагы 482 грамм болгон марихуана баңгизаты, ошондой эле баңгизаттарды даярдоодо колдонулган шаймандар, тагыраагы, марли, газ баллону, газ конфоркасы жана ар түрдүү идиштер табылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери жүрүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: