super.kg logo
  Спорт  

Мохамед Салах түркиялык “Трабзонспор” клубуна өттү

 

Египеттик футбол жылдызы Мохамед Салах карьерасын Түркияда улантат. Белгилүү инсайдер Фабрицио Романо Салах менен "Трабзонспор" ортосунда келишим түзүлгөнүн ырастады.

Маалыматка ылайык, 34 жаштагы чабуулчу клуб менен 2028-жылга чейин эсептелген эки жылдык келишимге кол коёт. Ал Түркияга келип, медициналык кароодон өттү. Келишим жакын арада расмий жарыяланары күтүлүүдө.

Салах “Ливерпулда” тогуз жыл ойноп, клубдун тарыхындагы эң мыкты футболчулардын бири болуп калды. Бул аралыкта ал 257 гол киргизип, эки жолу Англиянын Премьер-лигасын, бир жолу Чемпиондор лигасын жана башка бир катар ири трофейлерди жеңген.

Маалыматтарга караганда, Салахка Сауд Арабиясынан, MLS'тен жана Түркиянын башка клубдарынан да сунуштар түшкөн. Бирок ал карьерасын Европада улантууну тандап, өткөн сезондо Түркия чемпиондугунда үчүнчү орунду ээлеген “Трабзонспорду” тандады. Команда жаңы сезондо Европа Лигасынын плей-офф баскычында күч сынашат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: