super.kg logo
  Спорт  

Ырыскелди Дүйшеевдин машыктыруучусу калыстардын чечимине нааразы экенин айтты (видео)    

 

Бүгүн, 22-сентябрда ММА боюнча мушкер Ырыскелди Дүйшеевдин машыктыруучусу Тажикстандын спортчусу менен болгон беттештин жыйынтыгына байланыштуу түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Анын айтымында, жарым финалда калыстар жеңишти кыргызстандык мушкерге ыйгарган. Бирок Тажикстан тарап чечимге нааразы болуп, апелляция берген. Андан кийин эки жолу жаңы комиссия түзүлүп, эки чечимде тең жеңиш тажикстандык мушкерге берилген.

"Мен ойлойм, бул жерде калыстардын деңгээлинин жетишсиздигинен болуп калды деп. Жеке менин оюмда, команданын оюнда биздин бала жеңилген жок. Жеңди! Биз бул оюбуздан кайтпайбыз. Колдон келген башка иш-аракеттерди дагы кылабыз. Бул акыркы чечим деп эсептебей туралы. Эл аралык институттарга чейин кайрылганга даярбыз",- деди машыктыруучу.

Ошондой эле ал Азия оюндарында мындай чечимдин кабыл алынышын "өкүнүчтүү көрүнүш" деп атап, бул жагдай калыстардын кесипкөйлүгүнө жана эл аралык ММА федерациясынын аброюна шек келтириши мүмкүн экенин белгиледи.






Ырыскелди Дүйшеевдин машыктыруучусу калыстардын чечимине нааразы экенин айтты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: