super.kg logo

Чүйдө уруксатсыз курулуш жүргүзгөн компанияны кара тизмеге киргизүү маселеси каралууда

 

Чүй облусунун Москва районунда уруксат берүүчү документтери жок курулуш жүргүзгөн компанияга карата чаралар көрүлүүдө.

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Чүй региондук башкармалыгы Ленин көчөсү №99 дарегинде салынып жаткан 7 кабаттуу турак жайдын курулушу тиешелүү уруксат кагаздарысыз жүргүзүлүп жатканын аныктаган.

Бул факт боюнча «Император Строй» ЖЧКсына акт түзүлүп, 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Ошондой эле мыйзам бузууларды жоюу боюнча көрсөтмө берилип, курулуш иштери убактылуу токтотулган.

Бирок компания берилген талаптарга карабастан курулуш иштерин уланткан. Буга байланыштуу тиешелүү материалдар Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары, компаниянын лицензиясын 90 күнгө токтотуу жана аны кара тизмеге киргизүү маселеси мыйзам чегинде каралууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: