Ош шаарында Мамлекеттик тил күнү белгиленди
Ош шаарында 23-сентябрь – Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чара Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрында Ош шаарынын мэриясы жана Ош шаардык маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан уюштурулду.
Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Ош шаардык кеңешинин депутаты Ниязбек Нурбаев, маданият кызматкерлери, чыгармачыл инсандар жана шаар тургундары катышты.
Салтанатта кыргыз тилинин коомдогу орду, аны өнүктүрүү жана кийинки муунга өткөрүп берүүнүн мааниси белгиленди. Манасчылар, төкмө акындар, эстрада ырчылары, бий жана музыкалык топтор өнөрлөрүн тартуулашты.
Мындан тышкары, мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө багытталган сынактын жеңүүчүлөрүнө баалуу белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















