АКШ Ирактын Fly Baghdad авиакомпаниясына киргизилген санкцияларды алып салды
АКШнын Каржы министрлиги Ирактын Fly Baghdad авиакомпаниясын жана ага тиешелүү эки учакты санкциялык тизмеден чыгарды. Бул тууралуу Чет элдик активдерди көзөмөлдөө башкармалыгынын (OFAC) жаңыртылган тизмесинде маалымдалды.
Санкциялардан Fly Baghdad Airlines Company, Fly Baghdad жана Iraq Express аталыштары менен катталган юридикалык жактар чыгарылды. Ошондой эле компания пайдаланган Boeing 737 үлгүсүндөгү YI-BAF жана YI-BAN борттук номерлүү эки учакка карата чектөөлөр да жоюлду.
Ошол эле учурда АКШнын Каржы министрлиги Ирактын жараны Башир Аль-Шаббанинин санкциялык макамын өзгөрттү. Буга чейин ага карата чектөөлөр Fly Baghdad авиакомпаниясы менен байланышы үчүн киргизилген болсо, эми анын санкциялык макамы Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу (КСИР) менен байланышына негизделген.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















