Бишкекте жаранды ур-тепкиге алган киши кармалды
Бишкекте жаранды ур-тепкиге алууга шектелип 31 жаштагы киши кармалды. Бул тууралуу борбор калаа милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 5-августта болгон. Шектүү эч себепсиз эле жабырлануучунун денесине жаракат келтирип, кетип калган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) менен кылмыш иши козголуп, жабырланычууларга соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
31 жаштагы киши убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда тергөө иштери уланууда.
Бишкекте жаранды ур-тепкиге алган эргул кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















