Чолпон-Атада ишкерден акча опузалагандар кармалышты
Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында коркутуу менен акча талап кылууга шектелгендер кармалышты. Бул тууралоуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Атайын кызмат 27 жаштагы жаран ишкерден опузалап акча алып жатканда колго түшкөнүн белгиледи. Көп өтпөй анын 25 жаштагы 2 жана 26 жаштагы шериктештери кармалышкан.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Уюшкан топ тарабынан жасалган опузалоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмыштын бардык жагдайларын жана ага тиешеси бар башка адамдарды аныктоо үчүн тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Чолпон-Атада ишкерди коркутуп акча опузалагандар кармалышты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















