Токмокто жубайы менен балдарын сабоого шектелген жаран кармалды (видео)
Токмок шаарында үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүүгө шектелип 38 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, шектүүнүн жубайы милицияга арыз менен кайрылган. Ал жолдошу үч жылдан бери өзүнө жана жашы жете элек эки баласына зомбулук көрсөтүп келгенин айткан. Акыркы жолу шектүү жубайы менен балдарын электр зымы жана күрөк менен урган.
Факт боюнча жабырлануучуларга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси (Уруп-сабап кыйноо) менен кылмыш иши козголгон. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, учурда тергөө иштери уланууда.
Токмокто жубайы менен балдарын сабап келген жаран кармалды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















