super.kg logo

Министрлик прокуратура козгогон кылмыш ишине комментарий берди

 
Саламаттыкты сактоо министрлиги бюджеттик негизде гемодиализ кызматтарын көрсөтүүдөгү жемкорлук боюнча козголгон кылмыш ишине көмөктөшүп жатканын маалымдады.
Мекеме учурда Башкы прокуратура менен кызматташып, керектүү маалыматтарды берип жатканын белгиледи.
"Учурда мамлекеттин эсебинен 4714 бейтап өмүр үчүн зарыл болгон бөйрөктү алмаштыруучу терапияны алып жатат. Ар бир бейтап жумасына үч жолу гемодиализ процедурасынан өтөт. Бир процедуранын баасы 6500 сомду түзөт. Бейтаптарды бюджеттик программага киргизүү медициналык көрсөтмөлөрдүн негизинде жүргүзүлөт.
Арыздар адистештирилген комиссия тарабынан жума сайын каралып, орточо эсеп менен 15тен 25ке чейинки жаңы кайрылуу талкууланат. Акыркы бир нече жыл ичинде бюджеттик гемодиализ алуу боюнча кезек күтүү болгон эмес. Комиссиянын оң корутундусу чыккандан кийин бейтап дароо маалымат базасына киргизилип, бош орундар бар болгон учурда каалаган медициналык борбордон гемодиализ кызматын ала алат",- деп айтылат билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: