VIII Кыргыз-Орусия экономикалык форумунун ачылышы болуп өттү
Бүгүн, 6-августта, президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Ысык-Көл облусунун Бостери айылында өтүп жаткан XII Кыргыз-Орусия аймактар аралык конференциясынын алкагында уюштурулган VIII Кыргыз-Орусия экономикалык форумунун расмий ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Форум эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрүн жана инвесторлорду бир аянтчага чогултту. Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты чыңдоо, инвестициялык байланыштарды кеңейтүү жана аймактар аралык өнөктөштүктү өнүктүрүү.
Форумдун жүрүшүндө инвестиция тартуу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, өнөр жай, логистика, энергетика, туризм жана санариптик технологиялар тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүү маселелери талкууланууда.
Мындай иш-чаралар эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын бекемдөөгө, жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрү белгиленди.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















