Акыйкатчы студенттер боюнча Башкы прокуратурага кайрылды
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Башкы прокуратурага жарандардын билим алууга болгон укуктарынын сакталышын камсыздоо боюнча кат жолдоду.
Акыйкатчы институту маалымдагандай, Жаманбаевага Кыргыз улуттук университетинин студентинин апасы кайрылган. Анын уулу Орусиянын Сибирь федералдык университетинен Кыргыз улуттук университеттин Юриспруденция факультетинин 2-курсуна которулуп келип, контракттык төлөмдөрүн төлөп окуп жаткан. Бирок окуу жайдын атайын комиссиясы жүргүзгөн текшерүүнүн жыйынтыгында документтери талаптарга жооп бербейт деген негизде окуудан чыгарып коюшкан.
Ушундай эле көйгөй менен Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин 32 студентинен жамааттык кайрылуу келип түшкөн. Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги текшерүүдө айрым студенттер Сибирь федералдык университетине катталбаганын билдирген.
Акыйкатчы Институту көрсөтүлгөн жүйөлөрдүн негизинде билим мекемелеринин чечимдеринин мыйзамдуулугун текшерип, укуктук баа берүү менен студенттердин билим алууга болгон укуктарынын сакталышын көзөмөлдөп берүүнү өтүнгөн. Ага улай эле Акыйкатчы институту Орусиянын Адам укуктары боюнча Красноярск крайынын ыйгарым укуктуу өкүлү Марк Денисовго Сибирь федералдык университетинен билим алган Кыргыз жарандары менен болгон жагдайга көмөк көрсөтүүнү суранып расмий кат жолдогон.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















