Автокраны кулаган компанияга 200 миң сом айып салынып, адис иштен алынды (видео)
Бүгүн, 6-августта Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда жүк көтөрүүчү автокран оодарылып кетти.
Курулуш министрлиги маалымдагандай, автокран темир түтүктөрдү көтөрүү учурунда жүк көтөрүү техникасынын туруктуулугу талаптагыдай камсыздалбагандыктан оодарылып кеткен. Окуядан жабыркагандар болгон жок.
Катталган кырсыкка байланыштуу “Нурзаман” ЖЧКсына 200 миң сом айып салынып, прораб менен кран башкаруучу сертификатынан ажыратылды. Мындан тышкары, департаменттин жооптуу адиси кызматынан бошотулду.
Автокраны кулаган компанияга айып салынып, адис иштен алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















