Токмокто үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран 2 айга камакка алынды
Соттун чечими менен Токмокто үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран 2 айга камакка алынды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө уланууда. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын 3-августунда Токмок шаарынын тургуну милицияга кайрылып, жарандык жолдошу акыркы 3 жылдан бери өзүнө жана жашы жете элек 2 баласына карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүп келгенин билдирген.
Бул факт боюнча Токмок ШИИБ тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголгон. 1988-жылы туулган Ч.Ч. кылмышка шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео

















