Өлкөдө 7000 метрден бийик чокуларга чыгуу үчүн талаптар киргизилди
Өлкөдөгү 7000 метрден бийик чокуларга чыгуу үчүн талаптар киргизилгенин Альпинизм федерациясынын президенти Эдуард Кубатов биздин порталга билдирди.
Ал белгилегендей, киргизилген талаптар быйылкы жылдан баштап Жеңиш чокусуна, кийинки жылдан баштап Ленин жана Хан-Теңири чокуларына тиешелүү болот.
Эми альпинисттин тик учакты жана куткаруу иштерин колдонууну камтыган эл аралык же жергиликтүү камсыздандыруусу болушу шарт. Ошондой эле анын альпинизмдеги тажрыйбасы каралат. Ал экспедиция, маршрут жөнүндө маалымат берүүгө тийиш. Акырында эксперттерден турган топ талапкерлердин чокуга чыгуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечимди кабыл алат. Альпинизмге сертификат Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан берилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















