Ала-Арчада Нидерланддын 2 жараны куткарылды (видео)
Кечээ, 6-августта саат 17:30 чамасында Ала-Арча жаратылыш паркында Нидерланддын 2 жараны суудан өтө албай калган. Окуя болгон жерге "Эдельвейс" куткаруу тобу ыкчам жетип, туристтерди коопсуз жерге алып чыккан. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы маалымдады.
Туристтер куткаруучулар менен бирге видеого тартылып, "Биз Ала-Арча паркынын суперкаармандарына ыраазычылык билдиргибиз келет. Алар бизди тоодо куткарып калышты. Жол бузулуп, көпүрө жок болчу. Биз солго да, оңго да өтө алган жокпуз. Бизди куткарып калган куткаруучуларга абдан ыраазыбыз",- деп айтышкан.
ӨКМ жарандарды тоолуу аймактарга барууда коопсуздук эрежелерин так сактоого жана өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 кызматына кайрылууга чакырды.
Ала-Арчада Нидерланддын 2 жараны куткарылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:46
2026-08-07
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















