Пакистанда нөшөрлөгөн жаандан 151 адам каза болду
Пакистанда 26-июндан 6-августка чейин нөшөрлүү жаандан улам 151 адам каза болуп, дагы 448 адам жабыркады. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Каза болгондордун арасында 73 бала бар. Табигый кырсыктан эң көп зыян өлкөнүн түндүк-батышындагы Хайбер-Пахтунхва провинциясына келип, анда 64 адам каза болгон. Ал эми Пенжаб провинциясында 53 адам көз жумган.
Жаандан улам 1,3 миңге жакын имарат жабыркап, алардын 400дөн ашыгы толугу менен кыйрап, суу каптаган аймактардан 4 миңдей адам эвакуацияланган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















