Таласта бир ай мурун дарыяга агып кеткен өспүрүмдү издөө улантылды
Бүгүн, 8-августта Таласта бир ай мурун сууга агып кеткен Тимур уулу Байэлди издөө иштери улантылды. Бул тууралуу ӨКМдин Таластагы башкармалыгы кабарлады.
Издөө иштерине бүгүн жалпы 320 адам, анын ичинде Талас облусунун башчысы Эрмат Жумаев жана башка жетекчилер катышууда.
Эске салсак, 23-июнда 15 жаштагы өспүрүм Талас дарыясына агып кеткен. Ошол күндөн тартып ӨКМдин куткаруучулары жана тиешелүү кызматтар тарабынан издөө иштери үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келүүдө. 27-июнда сууга аккан баланы издөө маалында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулу каза болгон.
Таласта бир ай мурун дарыяга агып кеткен өспүрүмдү издөө улантылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















