Болотбек Борбиев Кетмен-Дөбөдөгү жолдордун жана социалдык объектилердин абалы менен таанышты
Кечээ, 8-августта Жогорку Кеңештин депутаты Болотбек Борбиев транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Кубанычбек Турганбаев менен бирге Жалал-Абад облусунун Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө айыл аймагына барды.
Аталган мекемеден билдиришкендей, алгач эл өкүлү узундугу 55 чакырым болгон Токтогул–Беш-Таш унаа жолунун жана Мазар-Суу айылына кеткен 6 чакырым жолдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Андан соң жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, алардын көйгөйлөрүн укту. Жолугушууда Кара-Күнгөй айылына 350 орундуу мектеп куруу, Кулуке жана Чоң-Таш каналдарын оңдоо, Ак-Тектир айылына спорт комплексин жана 150 орундуу бала бакча салуу, Чар-Кайың каналынын курулушун баштоо, ошондой эле Кушчу-Суу, Балыкты, Чоң-Арык жана Терек-Суу айылдарынын ички жолдорун оңдоо маселелери көтөрүлдү.
Мындан тышкары, жашоочулар Кетмен-Дөбө айыл аймагындагы айылдарда таза суу көйгөйү курч экенин айтып, эскилиги жеткен электр мамыларын алмаштырууну жана жаңы электр линияларын тартууну өтүнүштү.
Ошондой эле Токтогул Сатылганов, Коргоол Досу уулу жана Жоомарт Бөкөнбаевдин музейлери капиталдык оңдоого муктаж экени белгиленди.
Депутат Болотбек Борбиев көтөрүлгөн маселелер сөзсүз караларын айтып, аларды чечүү боюнча тиешелүү министрликтер менен иш алып барарын билдирди.
Иш сапарынын жүрүшүндө эл өкүлү Токтогул шаарындагы 100 орундуу оорукананын, реабилитациялык борбордун, 750 орундуу мектептин жана эки бала бакчанын курулуш иштеринен да кабар алды.
Ал жооптуу жетекчилерди курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруп, объектилерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүүгө чакырды.
0

Супер-Инфо
super.kg видео
















