super.kg logo

Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты

 

Бүгүн, 10-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Кыргызстандын жана Өзбекстандын жаш парламентарийлеринин II форумуна катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

“Жаштар – жалпы прогресске жана тынчтыкка карай жолдо” деген ураандын алдында өткөн форумга эки өлкөнүн депутаттары, жаш парламентарийлер, эксперттер жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Марлен Маматалиев форумдун маанилүүлүгүнө токтолуп, кыргыз-өзбек элдеринин тарыхый, маданий жана руханий жакындыгын белгиледи. Анын айтымында, акыркы жылдары эки өлкөнүн жетекчилеринин саясий эркинин негизинде кыргыз-өзбек мамилелери жаңы деңгээлге көтөрүлдү.

Төрага парламенттер аралык байланыштар да активдүү өнүгүп жатканын белгилеп, бул жетишкендиктерди жаш муунга өткөрүп берүү жана достукту биргелешкен долбоорлор аркылуу бекемдөө зарылдыгын айтты.

Ошондой эле ал жаш парламентарийлердин кызматташуусун бир жолку иш-чаралар менен чектебестен, туруктуу негизде улантуу маанилүү экенин белгиледи.

Форумдун жүрүшүндө жаштардын коомдук-саясий процесстердеги ролун жогорулатуу, эки өлкөнүн жаш парламентарийлеринин кызматташуусун кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди колдоо маселелери талкууланды.

Жыйынтыгында тараптар жаш парламентарийлердин ортосунда туруктуу диалогду улантуунун жана тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: