ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ. 10-августтан 16-августка чейин

КОЙ
(21.03–20.04)
Оригиналдуу идеялар жумуштун пайдасына жакшы колдонулат. Ишиңизде жакшы жакка өзгөрүүлөр күтүп турат. Бул апта досторго, сүйүктүү адамыңызга же кесиптешиңизге эргүү берген муза болушуңуз мүмкүн. Жайкы эс алуу убактыңыз кыска, бирок эсте каларлык кызыктуу болмокчу. Азырынча жетекчиликке каршы чыгуунун кереги жок. Документ иштерин бүтүрүүдө тоскоолдуктар жаралышы мүмкүн. Үйдөгүлөрдүн жашоосуна кызыгып турбасаңыз, маанилүү жаңылыктан артта каласыз.
БУКАЧАР
(21.04–20.05)
Бул аптада бирөөнүн маселесин чечип берем деп убада кылбаңыз, колуңуздан келбейт, убактыңыз да болбойт. Сүйүктүүңүздүн дарегине айтылган жалган жалаага ишенип алып үйдө чыр чыгарбаңыз. Жумушта моюнуңузга көп тапшырма артылат, андыктан убактыңыз тар болуп чарчаңкы абалда жүрүшүңүз мүмкүн. Бирок үйдөгүлөрдүн колдоосу, жакшы маанай, даамдуу тамак, уйкунун арты менен кандай иш болбосун майын чыгара аткарганга энергия жетет.
ЭГИЗДЕР
(21.05–21.06)
Финансылык абалыңыз туруктуу эмес, ошентсе да шопингге чыгуу каалооңуз күч болмокчу. Ошон үчүн ишенимдүү адамга акчаңызды сактап турууга бере туруңуз же өзүңүздү катуу көзөмөлдөңүз. Коомдук жайлардын биринде же коомдук транспортто адилеттик издеп же бирөөгө болушуп урушуп кетүүңүз мүмкүн. Жеке жашоодо баары ордунда, балдарыңыздын керектөөлөрүн толуктайсыз. Күнгө көп чыкпаганга аракет кылыңыз, күн өтүп баш оорусу тынчыңызды алышы ыктымал.
БӨЙӨН
(22.06–22.07)
Бул аптада ички туюмга ишенүүнүн кереги жок, андан көрө билимге, тажрыйбага таяныңыз. Бир жакка чыгып эс алууга чыгууга бул жылдын эсебинен акыркы мүмкүнчүлүк болушу ыктымал, андыктан акча коросо да, аз күнгө болсо да эс алуу уюштуруңуз. Досторуңуздун бири купуя сыры менен бөлүшүүсү мүмкүн. Үйүндө онлайн иштегендердин иши бир аз солгундашы мүмкүн, бул кыска убакытка гана созулат, санаа тартпаңыз. Дем алыш күндөрү сиз пландагандай өтөт.
АРСТАН
(23.07–23.08)
Телефон аркылуу баарлашуудан, ал жактагы маалыматтардан жаңы идея жаралып, ошону ишке ашырганга аракет кыласыз. Шаан-шөкөткө толгон кечеге чакыруу аласыз, барып эс алып келиңиз. Гардеробду жаңылоого мүмкүнчүлүк болбойт, бирок сизде ансыз да кийимдер көп, жакшылап иреттеп чыгыңыз. Окууга байланыштуу суроолор оң жагына чечилмекчи. Жумушуңузда бир катар өзгөрүүлөр күтүлөт, бирок ал өзгөрүү кандай жыйынтык берери азырынча белгисиз.
БИЙКЕЧ
(24.08–23.09)
Айланаңыздагылар сиздин жүрүм-турумга таң калышы мүмкүн, позитивдүү маанайда таң калабы же негативдүүбү, сиздин маанайдан көз каранды. Аптанын ортосунда мурда катып келген сырыңыз ачыкталышы мүмкүн, алдын ала жоопкерчилик алганга даяр болуңуз. Мамлекеттик ишканалар менен байланыштуу иштерди бүтүрүүгө ылайыксыз убакыт. Үйдө жакындарыңыздын колдоосун, сиз кандай болсоңуз ошондой бойдон сүйөрүн дагы бир жолу байкайсыз.
ТАРАЗА
(24.09–23.10)
Бул аптада жумушка байланыштуу ары-бери көп жол жүрүүгө туура келет. Жумушта сиз менен тымызын атаандашкандардын ким экенин байкайсыз. Каржылык жетишсиздик үй-бүлөдө келишпестиктерди жаратышы мүмкүн. Мунун баары утурумдук кыйынчылык экенин унутпаңыз. Спортко жаңыдан “баш баккандар” жакшы натыйжа көрө башташат. Туугандар менен чогулуп, улуулардан жакшы акыл-насааттарды угасыз. Дем алышты үйдөгүлөр менен өткөргөнгө аракет кылыңыз.
ЧАЯН
(24.10–22.11)
“Эч кимдин мени менен иши болбосун” деген принцип өзүңүзгө каршы иштеп калуусу мүмкүн, андыктан бир аз айланадагылар менен эсептешип жүрүү керек. Жеке жашоону көпчүлүктүн көзүнөн, сөзүнөн оолак кармоо керек, көрүнгөн менен сыр бөлүшө бербеңиз, соцтармакка да ашыкча маалымат бөлүшүүнүн кереги жок. Убакытыңыздын көбүн акча табууга жумшайсыз. Балдары барлар алардын кызыкчылыгын ишке ашыруу менен алек болушат. Үйдө гармония орун алат.
ЖААЧЫ
(23.11–21.12)
Кызыктуу жолугушуулар орун алышы күтүлөт, басымдуу бөлүгү өткөн чактагы адамдар менен. Коммерциялык иш баштабай туруңуз, тоскоолдуктар болот. Аптанын экинчи жарымында сапарга чыгууңуз мүмкүн. Бойдоктор коомдук жайларга, иш-чараларга көп чыкса көңүлүнө туура келген адамды жолуктуруусу толук ыктымал. Ден соолукта олуттуу көйгөйлөр жаралбайт, болгону туура кам көргөндү, иммунитетти көтөргөндү унутпаңыз. Туура тамактанууга өтүүгө эбак эле убакыт келген.
ТЕКЕЧЕР
(22.12–20.01)
Үйдөгүлөр менен жөнү жок айтышуунун кереги жок, айрыкча улуулар менен. Болбосо көңүлүн оорутуп аласыз. Колуңузга тийген акчанын баарын коротууга ашыкпай, пайдалуу инвестиция жасаганды үйрөнүңүз. Бул аптада тапкан тааныштар жакшы достордун катарына кошулуусу мүмкүн. Үй-бүлөңүз менен чогуу конокко чакырылууңуз ыктымал. Өнөкөт омуртка оорулары козголуп, тынчыңызды алышы мүмкүн. Физикалык оор жумуштарды жасагандан алыс болуңуз.
СУУ КУЯР
(21.01–19.02)
Стресске түшкөн суу куярларды кесиптештери алаксытып, колго тийген сый акы күмөндүү ойлордун баарын кубалайт. Ысыктан качып айылда жүргөндөр кайрадан шаарга келүүсү күтүлөт, эс алуу убактысы бүттү. Мурда урушуп кеткен түгөйүңүздү жакын туугандарынын бири же досу менен элдештирүү иштерине катышасыз. Бирөөгө тамашалоо жолу менен да сын айтуудан качыңыз. Дем алышты чыгармачылык иштерге жумшап, кайсы бир фестивалдарга барууңуз мүмкүн.
БАЛЫК
(20.02–20.03)
Пайдалуу байланыштардын жана абройлуу адамдардын кийлигишүүсү менен бир катар маселелерди чече аласыз. Жумуш издеп жүргөндөргө жакшы вакансиялар чыгат. Тааныштар менен жаңы иш баштоо сунушунан баш тартыңыз. Бойдоктордун жашоосунда мурда романтикалык мамиле курган адам пайда болушу мүмкүн. Ал эми түгөйлүүлөр сүйүктүү адамынан катуу тамаша угуп таарынышат, аны кечирүүнүн жолун татаалдаштырып бир катар сыноолорду уюштуруңуз.
0

Супер-Инфо
super.kg видео















