Актриса Малика Абдыразакова турмушка чыкты (видео)
Актриса Малика Абдыразакова турмушка чыкканын социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
“Ажырашуудан кийин жашоом оңой болгон жок. Баламды жалгыз багып, тынбай иштеп, тартуу иштерине чуркап, торт жасап өз ишимди баштагам. Баарын өзүм көтөрүүгө көнүп калгам. Анан жашоомо бир адам келди. Ал сөзү менен эмес, иши менен жанымда экенин көрсөттү. Жолдошум мага жөн гана күчтүү аял эмес, бактылуу эне болууга мүмкүнчүлүк берди",- деп жазды актриса.
Ал ошондой эле үйлөнүү тоюнда ата-энеси, баласы жана жакын достору жанында болгонун белгилеп, бул күндү өзгөчө сезимдер менен өткөргөнүн билдирди.
Актриса Малика Абдыразакова турмушка чыкты
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:13
2026-08-10
16:11
2026-08-10
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















