super.kg logo

Каракол аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

 

“Каракол” эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкесин реконструкциялоо иштери аяктагандан кийинки биринчи техникалык каттам аткарылды. Аэропорттун тарыхында биринчи жолу магистралдык класстагы Airbus A320 учагы кабыл алынды.

Оңдоп-түзөө иштеринен кийин аэропорттун учуп-конуу тилкеси 2450 метрден 3750 метрге чейин узартылды. Ошондой эле заманбап жарык-белги берүү жабдуулары жана ILS инструменталдык кондуруу системи орнотулду.

“Бул жерге биринчи жолу Airbus A320 аба кемеси конду. Кечээ жакында эле аэропорттун ири аба кемелерин кабыл алуу мүмкүнчүлүктөрү чектелүү болчу. Ал эми бүгүнкү күндө учуп-конуу тилкесинин узундугу 3750 метрге чейин узартылып, аэродром инфратүзүмү модернизациялангандан кийин биз өнүгүүнүн жаңы баскычына чыктык. Эми “Каракол” эл аралык аэропорт макамына эле эмес, ошондой эле эл аралык каттамдар тармагын өнүктүрүү үчүн реалдуу техникалык мүмкүнчүлүктөргө да ээ болду",- деди “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынын жетекчиси Манасбек Самидинов.






Каракол аэропорту биринчи жолу Airbus A320 учагын кабыл алды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: