Президенттик администрация Садыр Жапаровдун агасына айтылган дооматтарды четке какты
Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков "мамлекет башчынын агасы бажы тармагына кийлигишип жатат" деген маалыматтарды "курулай доомат" деп атады.
Ал Сыргак Кенжебаев аттуу жарандын социалдык тармактарда жарыялаган видеокайрылуусун манипуляция деп атап, бийлик бажы тармагындагы абалды жакшырткан реформаларды жасаганын билдирди.
"2020-жылга чейин Бажыдан ашып кетсе 20 миллиард сомдун тегерегинде акча каражаты чогулчу. Учурда мурда 1 жылдап чогулткан каражатты, 1 айда топтоп жатабыз. 2021-жылдан тарта киреше кескин жогорулаган, быйыл 161,5 миллиард сом план коюлган. Ар бир айдагы төлөмдөр пландан ашыгы менен аткарылууда. Демек, бул тармак реформа болгон, эч кандай шек саноолор болушу мүмкүн эмес",- деп жазды ал.
Президенттик администрация Садыр Жапаровдун агасына айтылган дооматтарды четке какты
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















