Ат-Башыда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды (видео)
Жаратылыш ресурстары министрлиги Ат-Башы районунда эс алуучу жайдан Кызыл китепке киргизилген илбирстин жана күрөң аюунун терилери табылганын маалымдады.
Эс алуучу жайдын ээси терилер болжол менен 30 жыл мурда мыйзамдуу жол менен алынганын билдирген. Бирок тиешелүү документтерди көрсөтө алган эмес. Учурда аныкталган жагдайлар боюнча бардык материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берүүгө даярдалууда.
Мыйзамга ылайык, илбирске келтирилген зыян үчүн 2 миллион сомго чейин, ал эми күрөң аюуга келтирилген зыян үчүн 1,5 миллион сомго чейин айып пул каралган.
Ат-Башыда эс алуучу жайдан илбирс жана күрөң аюунун терилери табылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















