Бишкектеги соода борборунда 5 жашар бала кулап кетти
Кечээ, 11-августта саат 22:00 чамасында Бишкектеги "Вефа" соода борборунда 5 жаштагы бала 3-кабаттан кулап, жаракат алды. Бул тууралуу Биринчи май райондук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бала №3 шаардык балдар клиникалык ооруканасына жеткирилген.
Окуя боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталды.
Буга чейин социалдык тармакка жазган күбөнүн айтымында, бала кулагандан кийин кулагынан көп кан кетип, атасы баласына жардам берүүгө аракет кылган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















