Корумдудагы альпинисттерди издөө иштерине тик учак тартылат (видео)
Корумду чокусунда дайынсыз жоголгон 3 альпинистти издөө иштери уланууда. Издөө тобундагы Александр Смирновдун маалыматына караганда, кечээ, 11-августта түшкө жакын аба ырайы оңолуп, 6 жолу дрон учурулган.
Издөөчүлөр 4000-4800 метр бийиктиктеги кар-мөңгүлүү кырды жана анын эки тарабындагы капталдарды текшеришкен. Ошондой эле 5550 метрге чейинки аймак каралган. Андан жогору тилкелерди булут каптап тургандыктан, толук текшерүүгө мүмкүн болгон эмес.
Бүгүн издөө иштерине тик учак тартылып, негизги издөө иштери 2 жана 3-лагерлердин ортосундагы тилкеде жүргүзүлөт.
Корумдудагы алпинисттерди издөө иштерине тик учак тартылат
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















