Баткендеги түстүү тоолор дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди
Баткендеги түстүү тоолору менен белгилүү Мадыген аймагы миллиондогон жылдардын сырын сактаган, дүйнөлүк маанидеги геологиялык жана палеонтологиялык мурас катары бааланып, дүйнөлүк баалуулуктар тизмесине киргизилди.
Жаратылыш министрлиги маалымдагандай, Мадыген — Кыргызстандын түштүк-батышында жайгашкан уникалдуу тоолуу аймак. Бул жер палеонтологиялык жана геологиялык табылгалары менен дүйнөгө белгилүү.
Мадыгенде миллиондогон жылдар мурда жашаган жаныбарлардын жана өсүмдүктөрдүн байыркы калдыктары, ташка айланган издери жана скелеттери табылган. Айрыкча триас мезгилине таандык фаунасы илимпоздордун чоң кызыгуусун жаратып, аймакты дүйнөлүк палеонтологиялык изилдөөлөрдүн маанилүү борборлорунун бирине айландырган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















