Белгилүү ырчы Роза Шакирова туулган күнүн белгилеп жатат (видео)
Бүгүн, 12-августта белгилүү кыргыз эстрада ырчысы Роза Шакирова 48 жашка толду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Роза Шакирова 1978-жылы Баткен облусунун Айдаркен шаарчасында төрөлгөн. 17 жашында музыкалык окуу жайга тапшырып, кийин Улуттук консерваториянын опера бөлүмүндө билим алган. Ал "Карабачы", "Таппай жүрөм", "Үйлөнүү той" сыяктуу ырлары менен элге кеңири таанылган.
Шакирова туулган күнүндө социалдык тармактагы баракчасына өзүнө каалоо-тилектерин жазып, ата-энесине ыраазычылыгын билдирген. Ошондой эле уулуна татыктуу эне, жолдошуна жакшы жар, бир туугандарына жана досторуна жакшы адам болууну каалаган.
"Кудайым мага ыйман берсин, узун өмүр, ден соолук берсин. Чыгармачылыкта кыргыз элиме ийгиликтүү, татыктуу ырчы болоюн. Жаратканым колдоп турсун",- деп жазган ырчы.
12-августка карата жылнаама.
Белгилүү ырчы Роза Шакирова 48 жашка толду
0

Супер-Инфо
super.kg видео

















