super.kg logo
  Спорт  

Месси каза болгон атасына жүрөк өйүгөн коштошуу катын жазды

 

Лионель Месси каза болгон атасына арналган жүрөк өйүгөн коштошуу катын социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Футболчу атасынын дүйнөдөн кайтканын дагы деле кабыл ала албай жатканын айтып, аны менен мындан ары сүйлөшө албай турганы абдан оор экенин белгиледи.

Месси атасынын футболдук карьерасындагы орду тууралуу да айтып, аны өзүнүн атасы гана эмес, досу жана агенти болгонун жазды. Ал бала кезинен тарта бардык машыгууларына атасы алып барып, оюндарын эч качан калтырбаганын эскерди.

Ошондой эле Месси атасынын дүйнө чемпиондугундагы оюндарын көрүүнү абдан каалаганын, бирок ден соолугу начарлап кеткендиктен бул тилеги орундалбай калганын айтты.

Мен сенсиз эмне кыларымды, мындан ары кантип жашоомду улантарымды билбейм. Мен өмүр бою футбол ойнодум. Эми бул ишти дагы көпкө уланта аламбы деген күмөндөр пайда болду”, - деп жазды Месси.

Ал атасын балдарына берген тарбиясынан да көрүп турарын белгиледи.

"Мен сени абдан сагынам. Бирок сен ар дайым жанымда болосуң. Айрыкча балдарымды тарбиялоомдо. Анткени мен аларды силер мени кандай тарбияласаңар, ошондой тарбиялап жатам.

Тынч укта, ата. Бизди жогорудан да ушул жердегидей карап жүр. Баары үчүн рахмат. Сени жакшы көрөм, ата", - деп коштошкон Месси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2026 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: